Бишкекте улуттук кастыкты козуткан жаранга каршы сот иши өтүп жатат

17:04, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Бишкекте улуттук кастыкты козуткан жаранга каршы сот иши өтүп жатат. Иш Октябрь райондук сотунда каралууда.

Эскерте кетсек, окуя 2016-жылдын 29-июнунда болгон. Мирлан Ирсалиев анын машинасын чийип алган аялга жана күйөөсүнө кемситкен жана улутуна асылган сөздөрдү айтып, мушташка дагы барган. Жабырлануучу врач-реанимотолог Егор Борисовго ал Россияга көчүп кетүүнү сунуштаган. Мушташта Егор Борисовдун мээси чайкалып, кабыргасы сынган.

Бүгүн күбөлөр Мирлан Ирсалиев улутуна асылган сөз айткандыгын таксыкташты.