15:08, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Президенттик шайлоого ат салышкан талапкерлерге коюлган 30 миң кол топтоо талабы мыйзамда каралган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 53-беренеде көрсөтүлбөгүн менен башка беренелерде бар. Андыктан ал талапты аткаруу керек.
БШК топтолгон колун жогорку көрсөткүчүнө чек коймокчу.
«Мурдакы шайлоодо 100 миң кол топтогондор дагы болгон. Алардын 20 пайызын гана текшерүүгө жетишкенбиз. Айрым тизменин 60 пайызы жасалма болуп чыккан. Талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүү үчүн биз чек коюлу деп жатабыз», — деди Нуржан Шайлдабекова.