Шайлоого катыша турган ЖМК 4-июлга чейин БШКга кабарлашы керек

14:42, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Шайлоого катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар 4-июлга чейин БШКга кабарлашы керек. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында айтылды.

ЖМК жана интернет басылмалар эфир мөөнөтүнүн, басылманын бетинин наркы жана басып чыгаруу укугу, өздөрү жөнүндө маалымат бериши шарт.

ЖМК баардык талапкерлер үчүн бирдей баа коет. Андан сырткары, эфир баасы акыркы алты айлык нарктан көтөрүлбөйт.