15:48
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Тажикстандыктар 10 жылда той-аштардан 18 миллиард сомони үнөмдөшкөн

Тажик бийлиги өлкөдө той-аштарга ашыкча чыгымдарды чектөө тууралуу мыйзам кабыл алынгандан бери жарандар 18 миллиард сомониден (2 миллиард доллардан ашык) ашык каражат үнөмдөгөнүн билдирди. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы кабарлайт.

14-июнда мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына карата Дүйшөмбүдө атайын жыйын өтүп, анда өлкөнүн Конституциялык сотунун төрагасы Махкам Махмудзода 2007-жылы Тажикстанда жакырчылыктын-деңгээли 70% түзгөнүн айтты. Анын билдирүүсүндө, мыйзам жакырчылыктын-деңгээли 30 пайызга төмөндөтүүгө дагы себеп болгон.

Махкам Махмудзоданын айтымында, бул мыйзам дүйнөдөгү уникалдуу жүз мыйзамдын катарына кирген. Конституциялык соттун башчысы Тажикстандын бул тажрыйбасын коңшу өлкөлөр — Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан колдонууга ниеттенип жатышканын белгиледи. Айтымында, учурда буга окшогон мыйзам Ооганстандын бийлиги тарабынан да даярдалууда.

Документ той-аштардагы коноктордун, тамактардын санын жана иш-чаранын узактыгын көзөмөлдөйт. Алсак, үйлөнүү тоюна чакырылган меймандардын саны 150 кишидан ашпашы керек, ал эми салтанаттын өзү 3 сааттан узак болбошу шарт. Туулган күн жана мааракелер болсо үй-бүлө ичинде өткөрүлүүгө тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар