Жалпы республикалык тесттен эң көп баллды 61-мектептин бүтүрүүчүсү алды

12:46, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Жалпы республикалык тесттен эң көп баллды 61-мектептин бүтүрүүчүсү алды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине маалым болду.

Бишкек шаарындагы 61-мектептин окуучу баласы 236 балл топтогон.

Белгилей кетсек, 2015-жылы дагы ушул мектептин окуучусу 236 балл алган. 2016-жылы жалпы республикалык тестте жогорку балл 237 болгон.

Белгилүү болгондой, быйыл 55 бүтүрүүчү мамлекеттик окуу жайларда бекер окууга мүмкүнчүлүк берген «алтын» сертификат алышат. Тестти 47 миң 523 киши тапшырган.