Бүгүн президентикке талапкерлерди көрсөтүү башталат

09:10, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Бүгүн президентикке талапкерлерди көрсөтүү башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов маалымдайт.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин шайлоонун күнүн белгилеген токтому жарыялангандан кийин талапкерлерди көрсөтүү башталат.

Ат салышууга камынгандар 30 миң кол топтоп, күрөөнү төгүп, партиянын чогулушунун чечимин БШКга алып келиши керек.

Талапкерлерди каттоо шайлоого 75 күн калганда, 1-августта токтотулат.