Москвада суу тосмого түшүп кеткен кыргызстандык куткарылды

09:08, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Москвада Кыргызстандын жараны суу тосмодон алып чыгышты. Бул тууралуу Москва шаарынын Жарандык коргонуу департаменти маалымдайт.

Кечээ, 14-июнда таңкы саат 6.40та шаардын түндүк-батышында «Строгино» станциясынын күзөтчүлөрү кийими менен суу тосмого түшүп кеткен аялга жардам беришкен.

1984-жылкы кыргызстандыкты тез жардам кызматы шаардык оорууканага жеткирген.