Президенттик шайлоонун үгүтү 10-сентябрда башталат

17:45, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Президенттик шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрда башталат. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти.

Ага ылайык талапкерлер 10-сентябрдан 14-октябрга чейин үгүттөй алышат. Ал эми шайлоонун жыйынтыгын Боршайком 4-ноябрдан кечикпей жарыялашы керек.

Белгилей кетсек, шайлоого катышууга Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбеков, Ахматбек Келдибеков, Турсунбай Бакир уулу билдирди.