17:45, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Президенттик шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрда башталат. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти.
Ага ылайык талапкерлер 10-сентябрдан 14-октябрга чейин үгүттөй алышат. Ал эми шайлоонун жыйынтыгын Боршайком 4-ноябрдан кечикпей жарыялашы керек.
Белгилей кетсек, шайлоого катышууга Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбеков, Ахматбек Келдибеков, Турсунбай Бакир уулу билдирди.