Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 46 жаштагы аял аттан кулап, сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Мекеменин маалыматында, аял Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну. Ал кечээ Жинди-Суу жана Күрөбөз суусу бириккен жерде суудан өтүп баратып, аттан кулаган.
Издөө иштерине куткаруучулар менен бирге, Кызыл-Үңкүр айыл аймагынан 10 ыктыярчы тартылган.