Жогорку Кеңеш «мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү долбоорду экинчи окууда жактырды

16:11, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Жогорку Кеңеш «мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү долбоорду экинчи окууда жактырды.

Эскерте кетсек, Социалдык өнүгүү министрлиги баардык үй-бүлөлөргө кирешесине карабай жөлөк пул берүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоорго ылайык баардык жарандар бала төрөлгөндө сүйүнчү (4000 сом) алышат. Жөлөк пул үч жашка чейин, андан кийин үчтөн ашык балалуу үй-бүлөлөрдүн 3–16 курактагы балдарына (500–700 сом) берилет.

Долбоорду каржылоого 7 миллиард 964 миллион сом керек. Долбоор кабыл алынча, 2018-жылдан баштап күчүнө кирет.

Жыйында бир нече депутат өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, аны кайтарып алууну сунуштаган.