Акыйкатчы: Кылмыштуу топтон жардам сурабасаң журналисттерден кантип коргоносуң?

12:39, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

«Кылмыштуу топтон жардам сурабасаң журналисттерден кантип өзүңдү коргойсуң?« — деп акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр ЖМКда ойго келбеген кырдаал түзүлдү.

«Журналисттер такталбаган маалыматты жазып жатышат. Мен дагы андан жапа чегип келем. Кылмыштуу топтордун жардамысыз журналисттерден коргонууга мүмкүн болбой калды. Журналисттин өзү менен сүйлөшсөң, акча гана талап кылат», — деди ал.

Акыйкачы жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко бергендерди, алардын катарында президент Алмазбек Атамбаевди да түшүнөрүн билдирди.