«Акылдуу эсептегичтер» Түркия жана Кытайдан сатылып алынууда

11:52, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

«Акылдуу эсептегичтер» Түркия жана Кытайдан сатылып алынууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда «Улуттук энергетикалык холдинг» АККсынын төрагасынын орун басары Нурбек Абасканов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 170 миң эсептегич сатылып алынып, анын 100 миңи Түркиядан, 69 миңи Кытайдан алынып келинген.

Нурбек Абасканов эсептегичтерди сатуучулар Кыргызстанда ишкана ачып, өндүрүштү жолго коюш керектигин айтты.