Бишкекте мектеп окуучусу терезеден бой таштап, мерт кетти

10:59, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Бишкекте мектеп окуучусу терезеден бой таштады. Бул тууралуу «24.kg» агентигине шаардык милициядан кабарлашты.

Алардын маалыматында, окуя 13-июнда, 12-кичирайондо кечке жуук болгон. Өспүрүм Новопавловкадагы эжесиникинде жашап, 9-классты аяктаган. Маалыматка караганда, өспүрүмдүн ата-энеси ажырашып кеткен. Апасы Россияга кетип, ал жакта өзүнчө бүлө курган.

«Бала туугандарына эч кимге кереги жоктугун айткан. Телефонуна «эч кимгше жүк болбой, кеткеним жакшы» — деп жазган», — дейт ИИБ.