Саламаттыкты сактоо министрлиги Акыйкатчынын баяндамасын төгүндөйт

10:22, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Саламактыкты сактоо министрлиги Акыйкатчынын «Кыргызстандын аялдарынын репродуктивдүү укугун сактоо» деген аталыштагы атайын баяндамасына карата билдирүү жасады. Министрликтин айтымында, Германиянын өнүгүү банкынын каржылоосунда Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына жаңы төрөткана салынат. Тендер жарыяланып, долбоорлор күтүлүүдө.

Билдирүүдө өлкөдө төрөт үйлөрүнүн жетишсиздеги таксыкталат. Ошол эле учурда баяндамадагы айрым маалыматтар четке кагылат. Министрликтин айтымында, Кемин райондук оорууканада ысык суу бар. Калган аймактык кликиниларда жылуу сууну палаталарга чыгаруу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирет.

«Өлкө боюнча төрөтканалардын баарында чөргөөчү үстөлдөр орнотулган» — деп айтылат.