16:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзгөндө дарыяга агып кеткен аялды издөө токтотулду

Өзгөн районунда Жазы дарыясына аты менен агып кеткен аялдын сөөгү табылган жок. Издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Эскерте кетсек, райондун Адыр айылынын 67 жаштагы тургуну Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып Жазы дарыясына агып кеткен. Окуя 20-майда болгон. Андан бери жүргүзүлгөн куткаруу иштери жыйынтык берген жок.

ӨКМдин маалыматында, туугандарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар