Ош облусунда жабыр тарткандарга 47 миллион 533 миң 205 сом жардам топтолду

08:57, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине Ош облусунда жабыр тарткандарга жардамга 47 миллион 533 миң 205 сом топтолду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Акчанын 23 миллион 173 миң 58 сому Чоң-Алайдагы жер титирөөдө, 24 миллион 360 миң 147 сому Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүдө үй-жайы бузулуп, жакындарын жоготкондордун эсебине түштү.

Эскерте кетсек, ӨКМ Чоң-Алай менен Өзгөндө жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга атайын эсеп ачкан.

Чоң-Алайда 3-5-майда зилзала болуп, жыйынтыгында 610 турак жай зыян тарткан. 29-апрелде Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапкан.