12:38, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Кыргызстанда 15 мектеп жараксыз абалда болгондуктан балдар чатырда окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы мектептердин ахыбалы текшерилип, 108 имаратты бузулуу алдында тургандыгы, 73ү капиталдык оңдоого муктаждыгы аныкталган.
«12 мектепте окууга мүмкүн эмес. Балдар тышта окуп жатышат», — деди министр.