Сауд Арабия Кыргызстанда 16 мектеп курат

12:21, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Сауд Арабия Кыргызстанда 16 мектеп курат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда келишим Жогорку Кеңеште каралып жатат. Депутаттар жактыргандан кийин Сауд Арабия фондунун эсебинен курула турган билим берүү мекемелеринин долбоору түзүлөт.

Андан сырткары, Өзбекстан Ошто, Россия жана Кытай Бишкекте заманбап мектеп тургузуу ниетин билдиришкен. Россиянын акчасына курула турган мектепке азыр жер бөлүү маселеси чечилүүдө.