Кыргызстанда жол кырсыгынан мерт болгондордун саны азайды

11:14, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Кыргызстанда жол кырсыгынан мерт болгондордун саны азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта, милиция акыркы беш айда «102» номуру аркылуу 15 миң 151 чакырууга барып, 2 миң 489 кылмыштын бетин ачкан. Коомдук тартипти бузгандарга 15 миң 120 протокол түзүлгөн.

Айыптардын эсебинен өлкө казынасына 149 миллион сом түшкөн.

Жыл башынан бери 2016-жылдын 5 айына салыштырмалуу 10, 5 пайызга көп жол кырсыгы катталган. Ошол эле учурда мерт кеткендердин саны 25,7 пйаызга (2016-жылы -330, 2017-жылы -245 киши) азайган. Жаракат алгандардын саны 6,6 пайызга көбөйгөн.

ИИМдин билдирүүсүндө, 2017-жылы жолдо мурдакы жылга салыштырмалуу балдар өлүмү (2016- 51, 2017-жылы 19 бала) жана жаракат алган балдардын саны да кыскарган (2016–626, 2017–538).