Талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталат

10:46, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

Мекеменин билдирүүсүндө, талапкерлер 15-июндан тарта көрсөтүлө баштайт. Расмий үгүт иштерине 35 күн калганда талапкерлерди каттоо токтотулат.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкерлерди саясый партиялар, жарандар өзүн-өзү көрсөтөт. Ат салышкандар күрөөгө 2 миллион сом коюушат.

Учурда Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбеков ат салышары маалым. Айтмакчы, учурда УКМКнын абагында кармалып жаткан Өмүрбек Текебаев дагы президентикке ат салышуу дымагын жашырбайт.