00:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бүтө элек имаратка техникалык паспорт берген аткаминерлерге иш козголду

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери бүтө элек жана камоодо турган имаратка техникалык паспорт даярдап беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Башкы көзөмөл органы Бишкектин башкы архитектурасынын, Жер түзүү жана мүлккө укукту каттоо Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлерине «Кызмат абалына кыянаттык», «Иш кагаздарын жасоо» беренелери менен иш козгогон.

Маалыматка караганда, 2016-жылы Киев −110 дарегиндеги бүтө элек имаратка техникалык кагаздарын даярдап беришкен. Анын жыйынтыгында К.А. аттуу жаран мыйзамсыз өлкөдөн чыгып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар