01:43
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда акыркы 25 жылда бир да төрөт үйү салынган эмес

Кыргызстанда акыркы 25 жылда бир да төрөт үйү салынган эмес. Бул тууралуу Акыйкатчынын «Кыргызстандын аялдарынын репродуктивдүү укугун сактоо» баяндамасында айтылат.

Баяндамада, бүгүн төрөт үйлөрү өткөн кылымда курулган имарат жана жабдуулар менен иш алып барып жаткандыгы жана аймактарда шарттардын жоктугу айтылат.

Мисалы, Акыйкатчы Кемин аймактык төрөтканасына барган кезде жылуу жана муздак суу жок болгондугу маалымдалат. Жаңы эле төрөгөн аялдар даратканага чака көтөрүп барууга аргасыз. Сокулук районундагы төрөт үйүндө жылуу суу, Өзгөн районунун Куршаб аймактык оорууканасында палаталарда таза суу чыкпайт.

Андан сырткары, аймактагы төрөтканалардын биринде дагы палаталарда наристелерди чөргөй турган үстөл жоктугу такталган.

Төрөт үйлөр 2016-жылдын май—июнь айларында текшерилген.

Эң көп окулган жаңылыктар