Кыргызстанда өспүрүмдөрдү карай турган бир да уролог жок

09:20, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Кыргызстанда өспүрүмдөрдү карай турган бир да уролог жок. Бул тууралуу Акыйкатчынын «Кыргызстандын аялдарынын репродуктивдүү укугун сактоо» баяндамасында айтылат.

Медициналык маалыматтык борбордун билдирүүсүндө, өлкө боюнча 11 акушер -гинеколог бар. Анын жетөө Бишкекте, бири Ошто жана үчөө дарылоо борборлорунда.

Айрыкча аймактарда неонатолог, анестезиолог-реаниматолог, акушер-гинекологдор жетишпейт. Мисалы, жалпы Талас облусу боюнча 3 неонатолог бар.

Репродуктивдүү саламаттыктык коргоочулары катары 1729 үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 1002 акушер-гинекологдор эсептелет.