Бишкекте 9-класстын окуучу кыздары эки жылга шарттуу кесилди

09:12, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту тоноого катышкан мектеп окуучуларына чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Белгилей кетсек, № 62-мектептин окуучу кыздары 2016-жылдын 21-декабрында классташын токмоктоп, уюлдук телефонун тартып алышкан.

Кыздар күнөөсүн толук моюнга алып, соттун чечими менен макулдугун да билдиришти. Сот аларды күнөөлүү деп таап, эки жылга шарттуу кесип, 10 миң сом айып салды.