08:32, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Колумбия округу менен Мэриленд штатынын башкы прокурорлору АКШ президентин сотко беришти.
Башкы прокурорлордун пикиринде, Трампт мамлекеттик чиновниктердин чет өлкөдөн белек жана сыйлык алуусуна тыюу салган АКШнын Конституциясын бузду. Конституцияга ылайык, аткаминер чет өлкөлүк инвестициядан пайдаланган глобалдык бизнес-империяны башкарууга акысы жок.
Колумбия окуругунун башкы прокурору Карл Рэйсин менен Мэриленд штатынын башкы прокурору Брайан Фрошдун айтымында, мамлекеттик чиновниктер кайсы бир өлкөдөн, ханзаада же королдон белек, тартуу, сыйлык алуу алгач Конгресстин макулдугун алышы керек.
Трамп январда активдерин уулдары башкарарын, бирок иштин жүрүшүнөн маалымат алып турарын билдирген. Көпчүлүк америкалыктар болсо президент кызыкчылыктардын кагылышуусунан оолак туруу үчүн бизнесин сатышы керек деп эсептешет. Республикалыктар басымдуулук кылган АКШ Конгресси дагы Трамптын бизнесин сатпоо тууралуу чечимине каршы чыккан эмес.
Башкы прокурорлор президентти сотко берүү менен мамлекеттик бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту сактоого тырышып жатышканын баса белгилешүүдө.