Садыр Жапаровдун соту. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок

16:12, 12 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Мурдакы депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Бул тууралуу чечимди бүгүн Биринчи май районундук соту кабыл алды.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровго кылмыш кодексинин бир канча беренелери, анын катарында барымтага алуу жана башаламандык айыптары да тагылууда. Ал 25-мартта кармалып, камалган.