18:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ар бир бала үч жашка чейин мамлекеттен жөлөк пул алат

Ар бир бала үч жашка чейин мамлекеттен жөлөк пул алат. Бул тууралуу «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо сунуштаган долбоордо жазылган.

Ага ылайык, үй-бүлөнүн кирешесине карабай, ар бир балага төрөлгөндөн үч жашка чейин жөлөк пул берилет. Андан кийин үч, же андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 3–16 курактагы балдары алышат.

Долбоор кабыл алынса 2018-жылы күчүнө кирет. Аны жүзөгө ашыруу үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. 2017-жылы жөлөк пулга 6 миллиард 31 миллион сом каралган.

Социалдык өнүгүү министрлигинин билдирүүсүндө, учурда жөлөк пулдун орточо көлөмү 874 сомду түзөт жана аны 279 миң бала алат. Мыйзам долбоор күчүнө кирсе, 660 миң бала жөлөк пул алып калат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума