Аткезчилик жолу менен алынып келинген өрдөктүн эти кармалды

15:09, 12 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Аткезчилик жолу менен алынып келинген өрдөктүн 5 миллион сомдук эти кармалы. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Маалыматта, «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Евразия экономикалык биримдигинин аймагына, тийиштүү иш кагаздары жок туруп, өрдөктүн этин алып кирүүгө аракеттенген жаран кармалгандыгы айтылат. Жалпысынан 22 тонна, 5 миллион сомдук өрдүктүн сулп эти алынган.

Материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди.