Бишкек-Ош жолун көчкүдөн коргой турган туннель курулат

12:58, 12 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Бишкек-Ош жолун көчкүдөн коргой турган туннель курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт.

Парламенттин билдирүүсүндө, Бишкек — Ош авто жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүдөн коргой турган узундугу туннелдин курулушуна 38,2 млн доллар жумшалат. Ага Япониянын өкмөтү берген акча сарпталат.