Туристтер «Энильчек» коругуна кирүү акысына нараазы

11:11, 12 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Энильчек» коругуна кирүү үчүн 5 миң сом төлөө керек. Бул тууралуу «24.kg» агентигине туроператорлор ассоциациясынын башчысы Тимур Акбышев билдирди.

Анын айтымында, коруктун аймагында Хан-Тенгри чокусу жайгашкан. Ал жай туристтер үчүн абдан кызыктуу болуп саналат.

«Чокуга чыгуу үчүн альпинисттер келишет. Жөнөкөй туристтер да көп келет. Алар үчүн 5 миң сом бул чоң акча. Бул чара туристтерди качырат», — дейт Тимур Акбышев.

Ассоциация өкмөткө кайрылуу даярдап, чечимин жокко чыгарууну сунуштамакчы.