Чүйдө поезд менен кичиавтобус кагышып кетти

09:51, 12 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Чүйдө поезд менен кичиавтобус кагышып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта, окуя кечээ күнү, Москва районунун Аксуу айыл аймагында болгондугу айтылат. Темир жолдо жүк ташуучу поезд «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичиавтобусту артынан сүзүп, аралыкка чейин сүйрөп барган.

ӨКМдин билдирүүсүндө, айдоочу жабыркаган эмес. Куткаруучулар Спринтерди поездден ажыратып беришкен.