«Нарындын кулуну катары мага «Нарын» ресторанын тагдыры кызыктуу», — деп билдирди Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков бүгүнкү отурумда.
Депутат ресторанды тарыхый эстелик катары сактап калууну суранат.
Отурумда вице-мэр Бактыбек Дүйшөнбиев, имарат 1995-жылга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна карагандыгын, андан кийин 0,52 гектар жери менен жабык акционердик коом болуп уюштурулганын айтты. Ресторандын азыркы ээси — «Дэ Чэ Голд» компаниясы, аны 2004-жылы сатып алган.
Бактыбек Дүйшөнбиевдин айтымында, 2016 -жылы ресторан маданий мурастардын тизмесинен чыгартылган.
«Курулуштун зилзалага туруктуулугу боюнча институтту имаратты натыйжасыздыгын жана аны колдонбоо кеңешин берген бүтүмү бар» — деп билдирди вице-мэр.