21:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент кыргыз тилинин аброюу өсүп бара жатканын айтты

Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, акыркы жылдарда башка этностор арасында мекенчил жаштар көбөйүп, кыргыз тилинин аброюу артууда. Бул тууралуу өлкө башчысынын Ош коогалаңынын 7 жылдыгына арналган кайрылуусунда айтылат.

«Этностук тегине карабастан, жаштар жана балдар арасында Кыргызстанга сүйүүсү ачык байкалып жатат. Күнүмдүк турмушунда кыргыз тилин колдонгондор көбөйдү, көп тилдүүлүк жарыша өсүүдө. Ар башка этнос өкүлдөрү эл аралык мелдештерде жана конкурстарда Кыргызстандын туусун сыймык менен көтөрүп чыгууда» — дейт президент.

Өлкө башчысы коңшу өлкөлөр менен чек ара такташуу иши улам илгерилей баштагандыгын маалымдайт.

«Ар башка этнос өкүлдөрү эл аралык мелдештерде жана конкурстарда Кыргызстандын туусун сыймык менен көтөрүп чыгууда» — дейт президент.

Алмазбек Атамбаев бардык этносторду өлкө тарыхын, маданиятын, тилин билүүгө жана урматтоого чакырат.

«Этностук тегине жана диний ишенимине карабай, ар бир кыргыз жараны эл-жерибиздин оорчулугун бирдей көтөрүүгө, жакшылыгын бирдей көрүүгө тийиш» -дейт кайрылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар