11:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Мурас-Ордо» жаңы конушуна менчик мектеп курулат

Жеке инвестор «Мурас-Ордо» жаңы конушуна мектеп курат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев билдирди.

Акимдин маалыматында, курулушка 200 миллион сом жумшалып, балдар эл аралык билим берүү программасы боюнча төрт тилде окушат.

«Инвестор Бишкекте дагы эки мектеп курмакчы. Биз аларга жер бөлүп беребиз. Окуу акысын эң арзан кылсын деп суранып жатабыз», — деди Аскербек Алиев.

«Калыс-Ордо» жаңы конушунда 170 миллион сомго орто мектептин курулушу башталгандыгы айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби