Ысык-Көлдөгү батир кожоюндары быйыл үйүн туристтерге ижарага бере албайт
11:02, 09 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көлдөгү батир кожоюндары быйыл үйүн туристтерге ижарага бере албайт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында айтылды.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 2016-жылдын аягында көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди суткасына, же саатына ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ага президент жыл башында кол койгон. Мыйзамды бузгандарга 70 миң сомго чейин айып салынат.
Маданият жана маалымат министрлиги парламентке, туристтердик жайлар бар шаарларга бул чектөөнү алып салуу сунушун жолдоду. Алар мыйзамга өзгөртүүнү туристтик сезон башталганча кабыл алууну өтүнөт.