09:49, 09 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Бишкек шаарындагы кичиавтобустар жаңы жобо менен иштеп башташат. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү Бишкек мэриясы кичиавтобустарга сынак жарыялайт. Сынак шаардык кеңештин 2013-жылы иштеп чыккан жаңы жобосунун негизинде өткөрүлөт. Ага ылайык кичиавтобустардын паркы толук жаңыланышы керек.
Бирок, мэрия былтыры жарыялаган сынакка шаардагы жүргүнчү ташуучу ишканалар каршылык көрсөтүп, сотко беришкен. Вице-мэрдин айтымында, ишканалар түшүнүү менен кабыл алып, бул жолу нараазычылыктар болбойт.
Белгилей кетсек, 41 жеке фирма 121 каттамды тейлейт. Шаар тургундарын ташууга күнүнө 2,7 миң кичиавтобус жолго чыгат.