03:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эки жашар Ибрагимге зомбулук көрсөткөн туугандарынын иши кайра каралат

Эки жашар Ибрагимге зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган агасынын иши кайра каралат. Бул тууралуу жактоочу Чолпон Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккозованын иши жактоочулардын арыздануусунан кийин кайра кароого жөнөтүлдү. Иш азыр Чүй облустук сотунда каралып жатат. Эмки жыйын 9-июнда өтөт.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Ибрагим оор жаракат менен Бишкек шаарындагы № 3 балдар оорууканасына түшүп, бир нече күн комада жаткан. Баланын ата-энеси ажырашып, ал атасынын агасынын үйүндө жашап жаткандыгы аныкталган. Туугандары Ибрагимди такай сабап келишкен. Соттук медициналык экспертиза баланын зордукталганын дагы таксыктайт.

Балага жарандар жардам топтоп, аны ушундай абалга жеткирген туугандарынын жазага тартылышын талап кылышкан.

Аламүдүн райондук соттун чечими менен ата-энелик милдетин так аткарбаган атасы эки жылга, жеңеси Айзада Аккозова 15 жылга, агасы Жаныбек Тулебеков өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар