19:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мирзиеевдин сапары алдында жергиликтүү бийлик он күндүк ишембилик жарыялады

Ташкент облустук элдик билим берүү башкармалыгы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин ыктымал сапарын утурлай он күндүк ишембилик жарыялады. Бул тууралуу Озодлик билдирет.

Билим берүү башкармалыгы мугалимдерге гүл менен райхандарды отургузуу, мектептин тегерегиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү, ажатканаларды тазалоо тапшырмасын берди.

Зангиата облусундагы мектептердин мугалимдеринин бири ар бир классты ремонттоп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо үчүн 120–130 доллар керек экенин билдирди. «Мындан тышкары бизге эгин жыйноого катышуу жана пахта терүү үчүн акчаларды камдап туруу керектигин дагы эскертишти. Мунун баары бизди тажатты. Алар мугалимдерди чыныгы кара жумушчуларга айлантып алышты», -деди ал.

Ахангаран районундагы дагы бир мектептин жетекчилиги материалдык базаны чыңдоо үчүн керектүү жабдууларды коңшу мектептен ижарага алууга аргасыз болду. «Мектепте компьютер, ал гана эмес окуу куралдары дагы жок. Учурда биз аларды коңшу мектептерден ташып келип жатабыз. Химия бөлмөсү үчүн үстөл, отургуч, шкафтарды алып келдик»,-деди мугалимдердин бир.

Билим берүү башкармалыгы Ташкент облусунда он күндүк ишембилик жарыяланганын тастыктады.

Эң көп окулган жаңылыктар