15:32, 08 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Тышкы иштер министрлиги БУУнун башкы катчысы менен жолугушууга укук коргоочуларды чакырган жок. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов билдирди.
Анын айтымында, БУУнун мурдакы башкы катчылары Пан Ги Мун менен Коффи Анан Бишкекке келгенде Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү мнен жолуккан. Бирок, бул жолу министрлик укук коргоочуларды тизмеге киргизген эмес.
Жарандык активисттер 10-июнь күнү БУУ алдында митинг өткөрүшмөкчү.