2017-жылы мамлекеттик ишканалардын кирешеси азайды

11:34, 08 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

«Кыргызаэронавигация» ишканасы республикалык бюджетке былтыркыга салыштырмалуу 47,7 миллион сомго аз киреше төккөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бүгүнкү коллегиясында айтылды.

Бул өкмөттүн «мамлекетттик ишканаларды башкарууну жакшыртуу» токтомуна ылайык ишке ашкандыгы айтылды. Анткени, министрлер кабинетинин чечими менен «Кыргызаэронавигация» кирешесинин 50 пайызын эмес, 25 пайызын бюджетке которот.

««Кыргызпочтасы» дагы таза киреше бөлүгүн которуудан бошотулган. Андыктан, бул ишканадан быйыл 4,4 миллион сом гана түшөт», — дешти фонддон.

«Инфоком» ишканасы дагы таза кирешенин бир бөлүгүн которуудан бошотулган. Бул ишканадан быйыл бюджетке 59,1 миллион сом түшүшү күтүлөт.