20:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду үч айда 331,2 миллион сом тапкан

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында мамлекеттик мүлк башкарууну фондунун бюджетине 331,2 миллион сом түштү. Бирок, бул пландан аз. Анткени, үч айда 342 миллион сом кирише табуу каралган. Бул тууралуу бүгүн фонддун коллегиясында мекеменин жетекчисинин орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Түшкөн каражаттын 280,5 миллиону — мамлекеттик акциялардан, 34,3 миллиону — мамлекеттик ишканалардын кирешеси, 16,4 миллиону — мамлекеттик мүлктүн ижара акысы.

Анткен менен фонд 5 айдын планын ашыгы менен аткара алган.

«Беш айда 960,7 миллион сомдун ордуна 974,6 миллион сом түштү», — деди Бекболот Алиев.

Эң көп окулган жаңылыктар