19:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып, бири кырсык болгон жерден качып кеткен

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып, бири кырсык болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Маалыматта, жол кырсыгы Токтогул районунда түнкү саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 281-чакырымында болгондугу айтылат. «Фольксфаген Гольф» менен «Хонда Одиссей " сүзүшүп, экинчи унаанын айдоочусу качып кеткен.

«Фольксфаген Гольф» унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү жеңил жаракат алышкан.

Куткаруучулар жаракат алган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар