Жалал-Абад-Казарман жолунда селде калган туристтер куткарылды

08:47, 08 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Жалал-Абад-Казарман жолунда селде калган туристтер куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Мекеменин маалыматында, туристтер куткарылып, өз багыты менен кетишти.

Эскерте кетсек, 6-июнь күнү катуу жааган жаандан, Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 76-чакырымында сел жүрүп, жолду тосуп, мотоцикл менен бараткан туристтер өтө албай ортодо калышкан.

2017-жылдын 7-июнь күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары туристтерге жардам көрсөтүлүп, өз багыты менен кетишкен.