Россия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базасынын кубаттуулугун күчөтөт

17:03, 07 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Россия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базасынын кубаттуулугун күчөтөт. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинде билдирди.

Россиялык ЖМКлардын маалыматында, Сергей Шойгу Ооганстандагы кырдаалдын Борбордук Азияга өтүшүнө каршы чаралар көрүлүп жатканына токтолду. Мындан улам, Тажикстан жана Кыргызстандагы аскердик базалар жаңы курал жана техника менен камсыз болуп жатат.

Сергей Шойгу Борбордук Азия мамлекеттеринин Куралдуу күчтөрүн жакшыртуу үчүн дагы көңүл бөлүнүп жатканын айтты.