14:45, 07 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ
Жалал-Абадда аялды зордуктаган эркектер анын чачын кырып салышкан. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-майда Сузак районунун Көк-Таш айылынын 41 жаштагы тургунун ак түстөгү жеңил унаанын айдоочусу Кочкор-Ата шаарына жеткирип коюга макул болот. Бирок, айдоочу Майлуу-Суу шаарынан бурулуп, машинадагы шериктери менен кошо аялды тышка сүйрөп, көп кабаттуу үйдөгү батирге алып киришет. Зордуктап, сабап, чачын кырып, ал жерде 25-майга чейин кармашат.
Аял бошогон күнү Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылган. Алган жаракаттарынан улам ооруукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.
ИИБсы шаардын 43 жаштагы З.К., Көк-Таш айылынын 22 жаштагы жана Бүргөндү айылынын 36-жаштагы К.А. аттуу тургундарын кармаган.