Жалал-Абадда күйүү май ташуучу унааларга түнү жүрүүгө тыюу салынды

12:51, 07 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Жалал-Абадда күйүү май ташуучу унааларга түнү жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамсейитов күйүүчү май ташуучу унааларга катуу көзөмөл жүргүзүүнү буйруган.

Жыл башынан бери үч жүк ташуучу ууна жол кырсыгына кабылып, анда беш киши каза таап, 13 адам жаракат алган.

Маалыматта, жол кырсыктарынын көпчүлүгү Бишкек — Ош жолунда түнкү убакытта болгондугу айтылат.

Облус аймагында күйүү май ташуучу унаалар түнү патрулдук милициянын коштоосунда гана жүрө алышат.