04:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ун комбинаттары дандын импортуна наркка кошумча салыкты кайра киргизүүгө каршы

Ун чыгарган ишкерлер парламенттин дандын импортуна наркка кошумча салыкты кайра киргизүү демилгесине каршы. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Ишкерлер биримдигинин вице-президенти Замир Шаиков билдирди.

Эскерте кетсек, демилгени Жогорку Кеңеште депутат Кенжебек Бокоев көтөргөн.

Анын айтымында, 2015-жылы ЕАЭБке киргенден кийин бир катар ун комбинаттары ишин токтоткон. Анткени, чек ара ачылып, Кыргызстандын рыногун коңшу мамлекеттердин уну басып калган.

Дагы эле 20 ишкана токтоп турса, калганы 30–40 пайыз кубаттуулукта гана иштеп жатышат.

«Наркка кошумча салык 20015-жылы алынган. Бул 30 ишканага ишин жандантууга түрткү болду. Эгер салыкты кайра киргизсе, 20 миңдей киши жумушсуз калат», — деди Замир Шаиков.
Эң көп окулган жаңылыктар