00:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандын бай жана кедей аймактары аныкталды

Ош облусунун тургундарынын кирешеси эң төмөн. Бул тууралуу бүгүн Адамдык өнүгүү боюнча улуттук баяндаманын бет ачарында автор Рафкат Хасанов билдирди.

Баяндамада, баарынан Жалал-Абаддын тургундары узак жашаса, нарындыктар кыска өмүр сүрүшөрү аныкталган. Ал эми эң бир билимдүүлөр Чүйдүн тургундары болуп чыкса, Жалал-Абад бул талап боюнча артка калган.

Эң бай кыргызстандыктар — Ысык-Көл облусунун жашоочулары. Алардын кирешеси башка аймактарга караганда жогору. Облустардын ичинен Оштун тургундарынын жашоо-деңгээли төмөнкү орунда жайгашты.

«Өсүү тизмесинде Кыргызстан жогорку тепкичке чыга албай келет. Өзбекстан, Түркменстан, Армениядан артта турат. Облустар боюнча айта турган болсок, жакшы өсүүлөр Бишкек жана Ысык-Көлдө байкалат. Бул туризм жана сооданын өнүгүшүнө байланыштуу», — деди, Рафкат Хасанов.

Эң көп окулган жаңылыктар