Бишкек дем алуу органдары, дүүлүкмө жана онкология илдети боюнча алдыда

11:50, 07 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Бишкек шаарынын тургундары дем алуу органдары, дүүлүкмө жана онкология илдети боюнча алдыда. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмил Шүкүров билдирди.

Анын айтымында, 1991-жылдан бери ордо каалада бак-дарактар 10 эсеге кыскарган.

«1991-жылы ар бир шаар тургунуна 30 чарчы метрлик жашыл бак туура келчү. Азыр бул 3 чарчыга барабар. Калктын саны көбөйдү дешет. Демек бактарды кыйбай, кайра жаңысын олтургузуш керек да», — деди окмуштуу.

Эмил Шүкүровдун пикиринде, шаар бийлиги бир маселени чечем деп, экинчини пайда кылууда.